Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында эки талапкер: "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев бирдей добуш алып калышканы айтылды. Депутат Дастан Бекешевдин интернеттеги социалдык тармакта жазганы боюнча, эки талапкер 51 добуштан алышты. Регламентке ылайык, мындайда эки талапкер тең экинчи турга өтө алышпайт. Экинчи турга көбүрөөк добуш алган талапкер гана өтмөк, демек, башка талапкер чыгаруу керек болот.
Айта кетсек, 13-апрелде Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке шайланып жатканына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен.