"Төрагалыкка эки талапкердин бирдей добуш алганы өлкөнүн тарыхында биринчи жолу болуп жатат",- деди журналисттерге бүгүн, 20-апрелде парламенттик "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
Оппозициялык "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламенттеги бардык шайлоолорду жашыруун өткөрүү керектигин айтты. "Бүгүн биз чыныгы жыйынтыкты көрдүк. Жогорку Кеңеште шайлоолор ар дайым жашыруун өтүшү керек. Ошондо таза жыйынтыктар чыгат",- деди Бабанов.
Төрагалыкка талапкерлердин бири Бакыт Төрөбаев бүгүн таза шайлоо болгонун жалпы өлкө көргөнүн айтты. "Шайлоо ушундай болуш керек. Шайлоого катышканыңыздар үчүн рахмат",- деп Төрөбаев депутаттарга ыраазычылыгын билдирди.
Шайлоодо анын атаандашы болгон Канат Исаев келерки төрт жыл ичинде кесиптештерин ынтымакта иш алып барууга чакырды. "Мындай кырдаалды атайын ойлоп чыгаруу мүмкүн эмес. Мага добуш бергендерге ыраазычылык билдирем",- деди Исаев.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин спикерин шайлоонун расмий жыйынтыгына ылайык, талапкерлер Канат Исаев жана Бакыт Төрөбаев 51:51ден добуш алышкан. Бир да талапкер төрагалыкка жетиштүү добуштардын санын (61ден кем эмес добуш - ред.) топтой алган жок, ошондуктан комиссия жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоону өткөрүүнү чечти.