Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаеванын иши бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди.
Анын айтымында, шаардык сот экс-депутатты 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо боюнча Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши ачылган. Экс-депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасап, мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтирген деп айыпталган.