Алмазбек Кадыркулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Айта кетсек, буга чейин Алмазбек Кадыркулов Байланыш агенттигинин директору, билим берүү жана илим министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы кызматтарында иштеген.