Жогорку Кеңештин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты

Жогорку Кеңештин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясынын долбоору иштелип чыгып, 21-апрелде депутаттардын талкуусуна коюлду. Аталган стратегия парламентти өнүктүрүүнүн негизги максаттарын жана милдеттерин камтыйт.

Жогорку Кеңештин 2016-жылга чейин өнүгүү стратегиясынын артыкчылыктуу милдеттери 2010-жылкы Апрель жана Июнь окуяларынан кийин орун алган саясий жана экономикалык каатчылыктардын өзгөчө оор мезгилинде өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана парламенттик демократияны өнүктүрүү маселелери менен шартталган болчу. Андан айырмалуу бул стратегия 2021-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү маселелерине багытталган.

Долбоордо Жогорку Кеңештин 2021-жылга чейин өнүгүү максаты, Жогорку Кеңештин иштеринин артыкчылыктуу багыттары, стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жана натыйжалары белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан