"Республика - Ата Журт" спикерликке Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдой турганын жарыялады

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясы парламенттин төрагасы кызматына КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде "Республика - Ата Журттун" жыйынында фракция лидери Өмүрбек Бабанов билдирип, башка фракцияларды да Турсунбековдун талапкерлигин колдоого чакырды.

"Эгер парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн лидери жана КСДПнын лидери Чыныбай Акуновичтин талапкерлиги коюлса, биз аны колдойбуз, анткени парламентте КСДП эң чоң фракция",- деди Бабанов.

Айта кетсек, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо өтүп, талапкерлер: "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 51:51ден бирдей добуш алышкан. Мындан улам кийинки аптада жаңы талапкерлер менен жаңы шайлоо өткөрүлмөкчү.

Учурда төрагалыкка талапкер катары КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков менен анын фракциялашы Иса Өмүркуловдун ысымы көбүрөөк айтылууда. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "эгер төрагалыкка Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги коюлса, "Ата Мекен" фракциясы аны колдойт" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан