Бүгүн, 25-апрелде Ош шаардык кеңешинин жаңы чакырылышынын 1-сессиясы өтүүдө. Анын жүрүшүндө депутаттарга мандаттар тапшырылганын SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жыйында кеңештин "Ыйман жана мыйзам" аталышындагы коалициялык көпчүлүгү түзүлдү. Ага 3 фракция: КСДП, "Бир бол" жана "Мекеним Кыргызстан" кирди. Депутаттар шаардык кеңештин төрагалыгына КСДПчы Жапар Ормоновду шайлады. Ошентип, коалициялык көпчүлүк 27 депутаттан турмай болду, оппозицияда 18 депутат калды.
Айта кетсек, 27-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыгында Ош шаардык кеңешине 6 партия өткөн. Алар: КСДП (16 мандат), "Кыргызстан" (9 мандат), "Мекеним Кыргызстан" (6 мандат), "Республика – Ата Журт" (5 мандат), "Бир бол" (5 мандат) жана "Өнүгүү-Прогресс" (4 мандат). Жалпысынан Ош шаардык кеңеши 45 депутаттан турат.