Билимдүүлөргө талап күч

Жарманкенин жүрүшүнөнӨткөн ишембиде Бишкекте иш издегендер үчүн "Карьера жарманкеси – 2016" өткөрүлдү. Ага 60тан ашуун компания катышып, кандай кызматкерлерге талап күч экенин биринчи булактан маалымдады.

Адатта ишемби күнү чак түшкө дейре уктаган студенттер бул ирет таң атпай туруп, жарманкеге шашылгандай. Айтор, иш-чара өткөн Америка университетинин (БААУ) залында бут коёрго жер жок. Жаш адистер үчүн жумушка орношуу өлкөбүздөгү башкы көйгөй экенин белгилеген БААУдагы Карьера борборунун директору Гүлнур Эсеналиева: “Бул иш-чараны жыл сайын өткөрөбүз, анткени студенттер компаниялар менен жакындан таанышып, жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөрдү көрө алышат. Ишке кирүүдө тапшырылчу эң алгачкы документ – резюме, аны кандай жазып, даядоо керектигин бул жакта акысыз өткөн сабактан үйрөнүүгө болот. Жарманкенин башкы демөөрчүсү «Кумтөр» ишканасы БААУну дайыма ар тараптан колдоп келет”,- деп ыраазычылыгын айтты.

Үч жыл мурун «Кумтөрдүн» такшалма программасына катышып, учурда кендеги туруктуу ишке орношкон Жеңиш Муратбеков жарманкеге келгендерге карьералык тажрыйбасы менен бөлүшүп жатты: “Мен Политехникалык университетти 2012-жылы аяктап, өзүбүздүн кафедрада бир жыл окутуучу болуп иштедим. Анан “Кумтөрдүн” программасына катышып, өтүп кеттим. Кесибим боюнча алтын ылгоочу фабрикадагы техникалык жабдууларды диагностика кылуу бөлүмүнө түшкөм. Окууну бүткөндө практика жок көп нерсени билчү эмеспиз. Бизге баарын үйрөтүштү, эбегейсиз тажрыйбага ээ болдум. Дагы бир жакшы жагы - кендеги кызматкерлер менен катар эле программанын катышуучулары айлык алып, толук камсыз болушат”.

Жарманкеден бир көрүнүшАл эми «Кумтөрдүн» кадрлар бөлүмүнүн менеджери Нурбек Төлөбаев анкетада адамдын жеке сапаттарын, анын канчалык жөндөмү бар экенин аты-жөнү, окуган жери же кесиби жазылса эле баамдоого мүмкүн эмес дейт. Ошондуктан өзү жана кесиби тууралуу мүмкүн болушунча кенен чагылдырылган анкета ээлери биринчи баскычта тандалып, маектешүүгө чакырыларын белгиледи. Ал эми маектешүү учурунда узатылган суроолорго колго түшкөн тыңчыдай “ооба” же “жок” деп кыска жооп берүү да чоң кемчилик экен.

Бул кеңештерге кулак салган Эржан Токомбаев К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен келген. Быйыл электр жабдуулары тармагы боюнча кесиптин дипломуна ээ болорун айткан ал: "Бизде жумуш табуу өтө оор, анткени кесипке ээ болуп чыккан соң, ишибизди теориялык жактан билгенибиз менен, практика жүзүндө көп нерсени билбейбиз. Ишке орношкондо инженер болбой эле катардагы монтёрдун кызматын аркалап калуудабыз. Андыктан ушундай жарманке биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк",- дейт.

Өлкөдөгү кызматкерлеринин саны боюнча эң ири коммерциялык ишканада тажрыйба топтоону самаган Эржан өңдүү бүтүрүүчүлөрдүн саны арбын. Компанияда персоналды ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн менеджери Гүлмира Турдубаева: "Кумтөр" түбөлүктүү эмес. Долбоор 2026-жылы жыйынтыкталары белгиленүүдө. Мына ушул аралыкта биздин компания жаш муунга топтогон эл аралык деңгээлдеги тажрыйбаны өткөрүп берүү аракетинде. Жаштар биздин келечекке, экономикабыздын өркүндөшүнө, өлкөбүздүн гүлдөшүнө салым кошуусуна кызыкдарбыз",- деди.

Учурда «Кумтөр» такшалма программасына курулуш инженериясы, электротехника, химия технологиясы, металлургия, экология жана маалымат технологиялары кесиптеринин ээлери катышса болот. Толук маалымат бул жерде: http://www.kumtor.kg/kg/graduate-internship-program/

Айтемир Аскеров


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Rifle_3
2016-04-25 20:44:40
Кумтөр алтын кенинде иштегендер жазып кетсеңер, иштегенден бери денсоолугуңузда кандай өзгөрүүлөр болду ?
+6
marik10
2016-04-26 22:24:58
Rifle_3,ондурушто созсуз эле ден соолука таасирин берет. бул жерде кумтор гана эмес, высокогорьеде иштегендердин баарынын эле ден соолугун мамлекет козомол кылып турса туура болмок
0
bolotbai4
2016-04-26 09:24:58
Бул жерде да Кум тордун ызы чуусу иш издемей.
0
Compact
2016-04-26 09:35:16
Кап! Кумтор. бул программанарды эрте баштабайт беленер. Мен окууну бутуп алып, же тияктан жок, же буяктан жок журом, колду чонтокко салып алып ((
0
Belle
2016-04-26 09:37:52
Мен иштегим келет Кумтордо. Маалымат технологияларын бутком. Созсуз турдо 2016-жылы бутургондор эле алынары чатак экен. Бирок айла жок. Ушунусуна да рахмат. Кийинки жылы кандай болот болду экен? Анда да ушундай мумкунчулук тузулсо, инимди бар дейин.
+1
ofiser26
2016-04-26 10:38:22
Мен учун Баткенде чек ара кайтарган жогору.Мурун Бишкекте жашап жургондо мекендин бутундугун коп ойлонбогон учун озумду куноолу сезем.
+4
boke88
2016-04-26 11:10:01
Бул жарманке ошондо бугун отуп жатабы ??? суп.инфо?
0
admin_portal
2016-04-26 11:26:17
boke88, саламатсызбы!
Өткөн ишембиде болгон.
0
ady-88
2016-04-26 11:15:08
Таанышын акчан болбосо башын мин иштесе да кгда иш таппайсын
+2
toroeva9893
2016-04-26 11:33:28
азыр акылды акчага алмаштырмай заман окунучтуу
0
brilliantka2016
2016-04-26 13:13:33
Алдын ала айтып реклама кылса болмок.бармакпыз да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан