Айыл чарба министрлиги жазгы талаа жумуштарынын сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздалуусун катуу көзөмөлдөшү керектигин 25-апрелде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт жыйынында билдирди.
Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин айтымында, министрлик тарабынан өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу чаралары иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө ирригациялык иштерди даярдоого бюджеттен бөлүнгөн 115,1 миллион сомдун 110,6 миллион сому жумшалган.
Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ирригация тармагындагы маселелерди чечүүнү тездетүү тапшырмасын бергени айтылды.