"Өлкөдөгү негизги саясий күчтөр Конституцияны өзгөртүүгө каршы" дейт Текебаев

"Өлкөдөгү негизги саясий күчтөр Конституциянын 2020-жылга чейин өзгөрбөшүн каалап жатышат", - деди бүгүн, 26-апрелде маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

"Азырынча ушундай расмий эмес сөздөр болуп жатат. Парламенттеги жана парламенттен тышкы күчтөр Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы. Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоорун эч ким даярдабай эле", - деди Текебаев.

Айта кетсек, учурдагы Конституция 2010-жылы референдум аркылуу кабыл алынган. Аны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан