Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна "СК Ресурс" жана "Каприз" ишканаларынын баасын эсептеп чыгуу тапшырмасы берилди

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна "СК Ресурс" жана "Каприз" ишканаларынын баасын эсептеп чыгууну тапшырды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматына караганда, "СК Ресурс" ишканасынын 70 пайызы жана "Каприз" ишканасынын 28,34 пайызы 2010-жылы Убактылуу өкмөт тарабынан мамлекеттештирилип, мамлекеттештирилген объектилерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага киргизилген. Ал кийин Жогорку Кеңештин 2014-жылы кабыл алган тиешелүү токтомунун негизинде убактылуу токтотулган. Эгер бул документ күчүн жоготту деп табылса, "СК Ресурс" менен "Каприздин" үлүшү кайрадан менчиктештириле баштайт.

Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Жогорку Кеңештин "Айрым мамлекеттештирилген объектилерди менчиктештирүүнү токтото туруу жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" өкмөттүн токтомун азырынча токтото туруу чечимине келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан