Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Көк-Арт ашуусуна тоннель куруу башталды

Парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин депутаттары Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун көрүштү. ЖКнын маалымат кызматы 26-апрелде билдиргендей, жолдун Нарын облусунан өтүүчү тилкелерине асфальт төшөлүп, эки жыл ичинде иштин 80 пайызы аяктаган.

"Ишти аткаруучулар 2019-жылы жол колдонууга берилерин айтышууда. Адистер бул жол Евразиядагы акыркы технология менен курулууда деп сапатына кепилдик берип жатышат. Маселен, азыркы төшөлүп жаткан асфальт кадимки асфальттан эки эсе ысык-суукка туруктуулугу менен айырмаланат дешет алар. Бул айылдуу жерлерде 4 катар унаа баткан 2-категориядагы техникалык жол болот. Куруучулар эми жолдун эң татаал бөлүгүнө жетишкен. Буга чейин эски жолду кеңейтип келишсе, азыр алар тоо бооруна жаңы жолдорду курушууда. Сузак менен Тогуз-Торонун ортосундагы Көк-Арт ашуусундагы тоннель ушул тапта эки тарабынан тең казыла баштады. Анын узундугу - 3 чакырым 700 метр. Куруучулар күн сайын 5 метрден жылып жатканын айтышты. Жыл аягына тешкен тоону 2 чакырымга жеткирүүнү пландашууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан