Жогорку Кеңештин IV чакырылышындагы "Ак жол" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болуп бекитилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынганын 6-майда аталган мекемеден кабарлашты. БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Ормоновго депутаттык мандат тапшырды. Ал 11-майда парламентте ант берип, өз ишин аткарууга киришет.
Ормонов "Бир бол" партиясынын БШКга берген тизмеси боюнча Лунара Мамытованын ордуна депутат болуп келди.