Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгы менен куттуктады.
“Каардуу согуш жылдары элдерибиздин майдандагы кайталангыс каармандыгы, эрдиги жана кажыбас кайраты даңктуу тарыхыбызга түбөлүк жазылып калды. Согуштагы жана ооруктагы сыноолорду жеңип чыккан элдерибиздин ортосундагы достук, өз ара колдоо мындан ары да Азербайжан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар тараптуу кызматташууну, өз ара аракеттенүүнү бекемдеп жана өнүктүрүүгө бекем негиз болот деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.
Азербайжан лидери президент Алмазбек Атамбаевге, согуш жана оорук ардагерлерине, ошондой эле боордош кыргыз элине бакыт-таалай, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалаганын президенттик аппараттан билдиришти.