"Кыргыз Республикасынын Конституциясын эртеби-кечпи баары бир өзгөртүү керек", - деп билдирди 9-майда SUPER.KG порталына саясий серепчи Марат Казакбаев. Эксперттин билдиришинче, парламенттик башкаруу системи ишенимдүү багытка түшө албай жатат. Баш мыйзамды өзгөртүү менен депутаттардын санын кыскартуу, жоопкерчилигин күчөтүү жагын караса болорун, азыркы парламентте жоопкерчилик жок экенин айтат.
Казакбаев оор кылмышка шектелип өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго байланыштуу да пикирин билдирди. "БУУнун комитети Баш мыйзамдагы 41-берененин негизинде кыргыз өлкөсүнө сунуш киргизип жатпайбы. Бирок Конституциядан аталган беренени алып салууга мүмкүн эмес, муну мурда ойлонуу керек болчу. Сот реформасы аягына чыкпай калды, адамдар кантип соттолуп жатканын коомчулук көрүп турат. Демек, ойлоно турган маселе бар. Алгач сот системине өзгөртүү киргизүү зарыл", - деди эксперт.