КҮНСЕРЕП: Президент Атамбаев орус фашисттерине нааразы
Бүгүн, 9-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кыргыз мамлекети Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгын белгиледи. Бишкектеги бүгүнкү нөшөрлөгөн жаан совет элинин бул улуу майрамын белгилөөгө тоскоолдук кыла алган жок. "Жеңиш" аянтына чогулган өлкө жетекчилиги Өчпөс отко гүлчамбар коюп, өлкө башчынын куттуктоо сөзү менен майрам башталды. "Улуу Жеңиштен бери канча жыл өтсө да, ардагерлердин эрдиги унутулбайт. Жаңы муун ардагерлер согушта кандай кыйынчылыктардан өткөнүн билбей баратат. Оор күндөрү фронттон алыс болсо да, оорукта эмгектенген аксакалдар, апалар менен сыймыктанабыз", - деди өлкө башчы.
Өткөн жумада Орусиядагы кыргыз мигранттарына такыр баштар тарабынан кол салуу болгонун эске салган мамлекет башчы согуш болуп жаткан жерлерден башка улуттардагы жүздөгөн адамдар кыргыз жергесине качып келишкенин белгиледи. "Бул жерде кыргыздар аларга камкордук көрсөтүп, жардам беришкен. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, скинхеддер баштарын көтөрүп жатышат. СССР жоюлгандан кийин өлкөбүздө экономиканы өнүктүрүү туура эмес жүргүзүлгөндүктөн жарандарыбыз Орусияда эмгектенүүгө мажбур. Алар орусиялыктардан сый-урмат көрүүгө укуктуу, бирок фашисттер, скинхеддер биздин жарандарыбызга терс мамиле жасашууда", - деди ал.
Улуу Ата Мекендик согушка кыргыз жеринен 363 миңден ашуун адам катышып, анын ичинен 133 миңден ашууну кайтпай калган. Өкмөттүн 20-апрелде өткөрүлгөн жыйынында учурда кыргыз өлкөсүндө Улуу Ата Мекендик согуштун 821 катышуучусу бар экени айтылган. 2015-жылдын февралында алардын саны 1154 болчу. Мекенибизге Улуу Жеңишти алып келгендердин саны ошентип жылдан-жылга кыскарып баратат.
Бишкекте 10 миңден ашуун адамдын катышуусунда Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата "Өлбөс полк" жүрүшү өттү. Бул жүрүш Бишкекте 3-ирет өткөрүлдү. Журналисттер демилге көтөрүп, калың элдин колдоосуна ээ болгон “Өлбөс полк” жүрүшү биринчи ирет 2012-жылы 9-майда Орусиянын Томск шаарында старт алган. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата 2015-жылдын 9-майында бул жүрүш дүйнө жүзүнүн бир нече өлкөсүн кучагына алып, 4 миллионго жакын адам Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерген.
Миллиондордун өмүрүн алып, дүйнөнү эки лагерге бөлгөн бул кандуу согуштун баштоочусу Адольф Гитлердин скульптурасы кечээ кечинде Нью-Йоркто Christie`s аукционунда 17,2 миллион долларга сатылды. Эмгек италиялык сүрөтчү Маурицио Каттеланага таандык. Сүрөткер бул эмгегин жок кылып салууну көздөп жүргөнүн, мындай бааланарын күтпөгөнүн билдирген.
Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери "кылмышкерге аты-жөнүн өзгөртүп документ жасап беришкен" деп шектелип жатышат. Жасалма паспорт алган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, бир катар кылмыштарга шектүү катары 2009-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран.
Криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасын жасалма документ алып из жашыруучу аймакка айлантып жатышканы тууралуу кооптуу кабарлар буга чейин да айтылып келген. Мисалы, 2014-жылдын ноябрында “мыйзамдагы ууру”, "Ремень" каймана аттуу грузиялык жаранга Кыргыз Республикасынын паспорту мыйзамсыз берилгени белгилүү болгон. Грузиянын жараны Роман Барбакадзе Р.Алхозовдун наамына кыргыз паспортун Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык калкты каттоо департаменти аркылуу 2012-жылы алганы аныкталган эле.
Өлкөбүздөгү мындай фактылар тууралуу иликтөөсүн “Супер-Инфо” гезити үстүбүздөгү жылдын 22-апрелиндеги №703-санында да жарыялаган болчу. Макалада "Дима сварщик” деген лакап атка ээ Дмитрий Пиндюрин көп адамды сызга отургузуп, 2013-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 6,5 жылга соттолгондугу, бирок 1,5 жыл өтпөй ал жаран Таиланддын Пхукет шаарында полиция тарабынан кармалгандыгы жазылган. Гезитке абакта отурушу керек болгон адамдын кандайча Таиландда күнөстөп жүргөнүн, кантип чек арадан өткөнүн эч бир мамлекеттик мекеме түшүндүрүп бере албаптыр. Эл көзүнө коррупцияга каршы күрөш аёосуз жүрүп жаткан кыргыз жеринде тиешелүү кызматтар мындай “ишмердикти” качан ооздуктаары белгисиз.