Тагдырдын бурулушу

Жолдошу каза болгондо Самара Жамангулова 39 гана жашта эле. Шейшенбек Барскоондогу кесиптик лицейде математикадан сабак берчү. Лицейдин беделдүү мугалимдеринин бирин 42 жашында «жаман» оору алып тынды. Ал адамгерчиликтүүлүгү, билимдүүлүгү, жөнөкөйлүгү менен элдин эсинде калды.

Катары менен үч уулунан ажыраган Самаранын кайненеси кичүү уулу Шейшенбектен кийин оор тагдырга туш болду. Үч ай өтпөй ал да өтүп кетти. Беш баланын улуусу 14кө жаңы чыккан, кичүүсү 3 айлык ымыркай. Жаңы төрөп үйдө отурган Самара үчүн оор күндөр башталды. "Эртең балдарымды кантип тойгузам?" деп көз ирмебей таң аттырган күндөрү көп. Мурунку иштеген жумушуна чыгайын десе, баласы кичинекей. Ал Барскоондун участкалык ооруканасында медайым болуп эмгектенген. Үзүрлүү иши жогору бааланып, "Саламаттыкты сактоонун отличниги" деген наамга татыктуу да болгон. Тажрыйбалуу медайым баланы убактылуу бактырганга ишеничтүү киши таппай узакка үйдө отурду. Же кайын журту жагынан жардам берчү жакын адамы жок. Тестиер балдары менен алакандай жерди тырмалап иштетип, тапканы тамак-аш, кийимине зорго жетип жатты…

Күндөр өтүп жатты, атасы каза болгондо эмчектеги Темирлан экиден ашты. Самара жолдошу Шейшенбек каза болгонго чейин иштеген кесиптик лицейге медицина сабагынан мугалим болуп орношту. Ал жакта туура үч жыл эмгектенди. Кыздардын улуусу жогорку окуу жайына тапшырган, айлык акысы студенттин окуу акысын төлөөнү мындай кой, күнүмдүк жашоодон артчу эмес. Ошол кезде «Кумтөр» ишканасына бош орундарга сынак жарыяланганын угуп калды. Бул 2007-жылдын башы эле. Ишкананын кеңсесине барып анкетаны толтуруп, каражат жагынан кыйналып жатканын, бул жумуш ага абдан керек экенин кеңири жазып калтырды.

«Кабыл алынарыма түк ишенген жокмун. Арадан 7-8 ай өткөндөн кийин аңгемелешүүгө чакыруу кагазы келиптир. «Кумтөр» ишканасынын өкүлү менин жашоо шартым жетекчилерди ойго салганын айтып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам катары аны жумушка кабыл алуу чечими тууралуу ой бөлүштү. Башынан эле алтын кенде бош орун пайда болсо, биринчи иретте жалгыз бой энелерди, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары барларды, деги эле муктаж адамдарды орноштуруу жагы каралат экен. Албетте, кесипкөйлүгү да эске алынат деңизчи», - дейт С.Жамангулова.

Быйыл Самаранын кен ишканасында иштегенине туура 8 жыл толду. Учурда балдарынын төртөө студент, үчөөсү контракттык негизде билим алат. Жаңы там салды, келин алды, кыз узатып, неберелүү болду.

«Мен ишканада 18 бөлмөнү жыйнап, иретке келтирем. Жалаң гана адамдардын ден соолугуна зыян келтирбеген тазалоочу каражаттарды колдонобуз. Таштандылардын өз-өзүнчө бөлүнүп кайра иштетилгени жагат. Чет өлкө тууралуу тасмалардан көп көрсөтүлөт го, так эле ошондой. Тамак-аш калдыктары, желим, темир - баары сорттолуп, кээ бири жеринде, айрымдары атайын чакан ишканалардан жаңы, керектүү нерсеге айланат. Мындай көрүнүш кыргыз өлкөсүндө жок. Жергебиздин кооз жаратылышын сактап калууга кам көрүлүп, бул жерде эле эмес, бардык аймактарда таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар курулса деп кыялданам», - дейт Самара.

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынан «Кумтөрдө» учурда 250 адам эмгектенет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Drongo
2016-05-16 19:59:57
Адамдын жан-дуйносун ойготуп,келечектеги жакшылыктарга,жетишкендиктерге,ийгиликтерге умуттондургон,ундогон макала учун Нургазы Ааматовго терен ыраазычылык.Мыкты журналист экен.
+2
tabyshmak
2016-05-17 10:29:11
"Тагдырдын бурулушу" деген теманы окуганда эле жаман окуялар оюма келди. Анткени, жакшылык болуп баратып эле жамандыкка дуушар болгон адамдардын тагдырын баяндоодо адатта ушундай создор коштойт эле. Кудайга шугур! Жакшылык эле окуя экен. Темасын озгортуп эле койсо болмок, теманы окуганда эле жакшылык экенин журоктун сезуусу учун.
+4
jaazira13
2016-05-17 10:51:14
жрегиликтуу элге жумуш орундары менен камсыз кылгандан сырткары ишкана коптогон социалдык маселелерди чечип келе жатат, ошолор жонундо кобуроок айтып беришсе
+1
aslan_akjol89
2016-05-17 18:46:08
Откондо да Кумтордо иштеген адамдардын фондусу тууралуу жазылды эле.Байкашымча Кумторду улутташтырбай эле акчасын алып туралы дегендердин пландары го.Болбосо бул эженикиндей тагдырлар,тиги байкелердей жардам бергендер толтура.Именно Кумторго байланыштууларын жарыя кылдырышты.8жыл мурун ишке киргенде эле жазыш керек эле.
+1
Patriot..kg
2016-05-17 14:22:56
Жакшы окуя экен
0
admin_portal
2016-05-17 17:00:57
Hernandez, саламатсызбы!
Бул кабар журналисттин оюнан чыгарылган эмес. Андыктан, колдонуучуларды чаташтыруудан алыс болуңуз!
0
Nurbollot
2016-05-17 20:24:00
Кыргыздардын алтыны кыргыздарга гана кызмат кылыш керек. Кыргызстан эмес Канадага кызмат кылтат кобунчо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан