Узак жолдогу Уркасым ага

1985-жыл. Уркасым Тунтеев аскерден жаңы келген. "Барскоон капчыгайынын башында москвалыктар жер байлыктарын изилдеп жатышыптыр, жумушчу керек экен" деген кабарды кулагы чалып калды. Чымыр, узун бойлуу уланды дароо эле жумушка кабыл алышты. Ал жакта куруучу болуп үч жылдай иштеди. Москвадан келген геологдор жер кыртышын терең изилдеп, алтындын болжолдуу көлөмүн корутундулашып, анан кайра артка тартышты. Ал аңгыча СССР урап, геологдор шаарчасы таланып- тонолуп кетти.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болуп, кенди иштетүүгө инвесторлор тартылып келинди. Бул 1995-жылдын башы эле. Уркасым тажрыйбалуу куруучу катары алгачкылардан болуп кен ишканасына жумушка орношту. Эки жыл катары менен курулуш иштери жүрүп, алтындын алгачкы унциясы 1997-жылы казылып алынды. Бир жыл өтпөй цианид ызы-чуусу чыкты. "Ошол кезде келинчегим Чынара төртүнчү балабызды күтүп жүргөн. Жергиликтүү дарыгерлер жакынкы айылдарда 3-4 айлык кош бойлууларга "цианиддин айынан балдарыңар майып төрөлөт" деп, элди дүрбөткөн. Мен чыныгы абал менен жакшы тааныш болгондуктан, дүрбөлөңгө түшүүгө уруксат берген жокмун. Баланын ден соолугу мыкты төрөлөрүнө эч күмөн санаган эмесмин. Бийлик абалды курчутуп, саясатташтырып жиберген эле. Мына, 1998-жылкы уулум Алманбет быйыл 18ге чыгып отурат. Акыл-эси ордунда, ден соолугу чың. 11-классты аяктап, кайсы кесиптин ээси болсом деп жогорку окуу жайын тандап жаткан учуру", - дейт ал.

"Кумтөрдө" иштегенине быйыл 21 жылга кетти. Ишкананын жетекчилиги бул орчундуу датаны өзгөчө белгилеп, атайын майрамдык кече уюштуруптур. Анда Уркасымдын ишке жоопкерчиликтүү мамилесине жогорку баа берилип, баалуу сыйлыктар менен сыйланды. "Ишканадагы жумуштун ырааттуулугу абдан жогору. Мисалы, "унаанын тетиги жок, бузулуп калды", "майы түгөнүп калды" деген сыяктуу куру шылтоолор менен жумуш үзгүлтүккө эч качан учурабайт. Ар бир техникага өзүнүн жеке менчигиндей мамиле кылынат. Менин оюмча, мамлекеттик ишканадагы үч жумушчунун ишин бул жакта бир эле адам аткарат. Тартип, тартип жана тартип, анан да коопсуздук. Жаңы кабыл алынган жумушчуга атайын бир-эки ай коопсуздук техникасы боюнча ийне-жибине чейин сабак өтүлөт. Айрымдар жумуштун оордугуна чыдабай кетип калышат. Биздин мамлекеттик бийликте отурган жетекчилерди бир аз убакытка ишкананын жашоосу менен тааныштырса пайдалуу нерселерди үйрөнүшөт эле… Ишкананын алгачкы кадамынан баштап бүгүнкү күндөгү жетишкендиги көз алдымда. Муну талыкпаган эмгектин үзүрү деп эсептейм. Эгерде кенди улутташтырып жиберишсе, ушул бийиктигинде сакталып калабы, ким билет? Албетте, бул менин жеке оюм, жөнөкөй жумушчунун көз карашы", - деп сөзүн жыйынтыктады Уркасым ага.

Жети-Өгүздүн Барскоонунан алтын кенде 250дөй адам эмгектенет. Айылдын инфраструктурасын көтөрүүгө өз салымдарын кошуп келишүүдө. Айылдагы Маданият үйүнүн оңдоп-түзөө иштерине, жаңы мектепти жабдууга жана таза суу менен камсыздоого каражат бөлүп беришкен.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2016-05-19 13:21:34
aslan_akjol89, sopu93, сайттын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
sopu93, 30 күн БАН!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан