Санкт-Петербургда 19-майда Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин жолугушту.
ЖКнын маалымат кызматына таянсак, Турсунбеков Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосунда жылуу мамиле курулганын белгилеп, өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кириши экономиканы өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын айтты.
Жогорку Кеңештин төрагасы айрым маселелерди чечүү зарылдыгын да кошумчалады. “Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулганына жана кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын Орусиянын аймагында, ал эми Орусия жарандарынын кыргыз жеринде 30 күн каттоосуз жүрүү жөнүндө келишимге кол коюлганына карабай эмгек мигранттарынын абалы оор бойдон калууда”, - деди Чыныбай Турсунбеков.