Бүгүн, 20-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
"Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечилердин бири, депутат Аида Салянованын билдиришинче, мыйзам долбоорунун максаты – той-аштардагы ысырапкорчулукту азайтуу, тойго кошумча шылтоосу менен саясий, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер арасында пара алуу-берүү мамилелерин жоюу. Мыйзам жалпы элге эмес, саясий, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата колдонулмакчы.
Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасындагы жарандарды ашыкча ысырапкорчулукка түртүп жаткан бир нече тойлорду калың элдин катышуусунда өткөрүүгө тыюу салынат. Мисалы: жентек жана туулган күн сыяктуу иш-чараларды үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда гана белгилөө талап кылынса, тушоо кесүү жана сүннөт тойго 100дөн көп эмес киши чакырылып, тойдун себепкеринен башкаларга белек берүүгө тыюу салынат. Долбоордо үйлөнүү тойду бир күндүн ичинде 150дөн көп эмес киши чакыруу менен өткөрүү, күйөөгө, келинге жана алардын ата-энелерине белек берүүнү кошпогондо, эки тараптын меймандарына, тууган-урукка кийит кийгизүүгө тыюу салуу чарасы каралууда. Жаш жубайлар сейилдеген кортежде унаалардын саны 5тен ашпашы шарт. Кыз узатуу тоюна чакырылгандардын саны 50дөн ашпашы керек болот. Мындан тышкары маркумду акыркы сапарга узатууда мал сойбоо, жылдык өткөрүүдө 100дөн ашпаган киши чакырып, бодо мал жана жылкы союлбайт. Сунушталган мыйзам долбоорунда пара берүүнүн эң кеңири жайылган түрүн жоюуга да көңүл бөлүнгөн. Тактап айтсак, той өткөрүп жаткан жетекчилерге кол алдында иштеген кызматкерлери баалуу белек жана акча беришпейт. Мыйзамдын аткарылышын комиссиялар жана атайын ыйгарым укуктуу орган көзөмөлдөйт.
Кыргыз мамлекети той-аштардагы ысырапкорчулукту көптөн бери ооздуктай албай жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров кыргыз өлкөсүнүн эли 1 жылда той-аштарга орточо 2 миллиард доллар чачарын айткан. Тышкы карызы 3 миллиард доллардан ашык болгон, экономикасы алсыз, элинин жарымы жакырчылыкта жашаган өлкө үчүн бул кечирилгис ысырапкорчулук. Орусияда иштеп жүрүшкөн кыргыз жеринен барган мигранттар 2014-жылы өлкөбүзгө 2 миллиард 104 миллион доллар которушса, 2015-жылы 1 миллиард 278 миллион доллар жөнөтүшкөн. Сандардан көрүнүп тургандай, мамлекетибиз тапканын тойго жумшайт. Аида Салянованын пикири боюнча, мына ушундай коомдук илдеттен арылууну биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлер, жетекчилер баштап берип, үлгү болуусу керек... Орус империясынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон Пётр I дагы коомдогу зыяндуу адаттарды күчтөп жоюуга аргасыз болгон. Коомубуз ашыкча ысырапкорчулуктан аң-сезимдүү түрдө жакынкы жылдары арыла албасы анык, андыктан мыйзам аркылуу “айыгууга” туура келет.
“Күчтүү үй-бүлө – күчтүү мамлекет” балдарды коргоо комитети педофилдикке карата өлүм жазасын киргизүү үчүн 13 миң кол чогултуп, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясына өткөрүп берди. Аталган комитеттин жетекчиси Жеңиш Молдокматов 2015-жылдын май айынан бери 13 миңден ашуун кол топтолгонун маалымдады. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, 10 миң шайлоочу мыйзам демилгелей алат. Бирок кылмышкерди өлүм жазасына тартууга Баш мыйзам жол бербейт. Демек, адегенде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин референдумга алып чыгуу керек болот.
Соңку жылдары өлкөдө ондогон балдар зордуктоого кабылды. Үрөй учурган кылмыштар биринин артынан экинчиси кайталанып жатат. Алсак, 2010-жылы "16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо" беренеси боюнча 10 кылмыш иши ачылса, 2015-жылы бул берене боюнча 36 кылмыш иши козголгон.
Шайлоочулардан тийиштүү санда кол чогултулду, фракция эми мыйзам долбоорун даярдап, парламентке сунушташы керек. Парламенттик шайлоо алдында аталган партиянын ураандарынын бири педофилдерге өлүм жазасын киргизүү болчу. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев жакында спикерликке ат салышып жатканда да педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү колдой турганын ырастаган. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын өкүлү бүгүн: "Референдум жөнүндө" мыйзамга ылайык, референдум өткөрүүнү демилгелөөгө 300 миңден кем эмес адамдын колу керек. Жакында "Референдум жөнүндө" мыйзамды өзгөртүп, 300 миң деген чекти 10 миңге чейин түшүрүү сунушталды. Эгер сунуш колдоо тапса, педофилдерге өлүм жазасын киргизүү маселесин референдумга чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деп билдирди. Балдардын зомбулукка учуроосу күн санап көбөйүп бараткан чакта 13 миң шайлоочунун колу коомчулукта үмүт жаратты... Балдар кордолгон соң кылмышкерди кантип жазалоону ойлонуу жетишсиз. Жогорку Кеңеш, өкмөт жана коомчулук балдарды кордук-зомбулукка жеткирбей коргоо механизмин иштеп чыгуусу зарыл.
1998-жылдан бери Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында илинип турган өлкөнүн мамлекеттик желеги биринчи жолу узак мөөнөткө түшүрүлгөнү жатат. Улуттук гвардия желектин алынышы Мамлекеттик тарых музейиндеги оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирди. Туу 21-майдан 30-августка чейин алынып, аны кайтарган жоокерлердин да иши убактылуу токтойт. Желек жана аны кайтарган ардактуу кароол аянттын ажырагыс бир бөлүгү болуп калган. Ошентип, Бишкектин башкы аянты көркүн аз күнгө жоготот...