Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-майда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда мамлекет башчы КРнын Куралдуу күчтөрүн чыңдоо жана армиянын күжүрмөн даярдыгын арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматты укту. А.Атамбаев Башкы штабдын башчысына өлкөнүн тышкы чек араларын бекемдеп, мамлекеттин коргонуу жөндөмүн күчөтүүнү тапшырды.
"Алмазбек Атамбаев Башкы штаб Куралдуу күчтөрдүн азыркы коркунучтарга жана талаптарга жооп бергидей күжүрмөн түзүмдөрдү калыптандыруу иштеринин аягына чыга электигин белгиледи. Президент аскердик тартипти бекемдөө боюнча аскер жетекчилигинин, жоокерлердин өмүрү жана ден соолугу үчүн аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмчөлөрүнүн кол башчыларынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш экенине көңүл бурду", - деп айтылат маалыматта.