Президент Алмазбек Атамбаев 22-майда Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Гим Мундун чакыруусу менен Биринчи дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышуу үчүн Түркиянын Стамбул шаарына барды. Иш сапардын жүрүшүндө президент башка делегациялардын башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
"Бириккен Улуттар Уюмунун эгидасы алдында өтүүчү Биринчи дүйнөлүк гуманитардык саммит кризистерге даярдыкты камсыз кылуу боюнча эл аралык коомчулуктун мамилесин өзгөртүүчү учур болуп калмакчы", - деп билдиришти президенттик аппараттан.