“Нотариат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Кабыл алынган мыйзамдын максаты - “Нотариат жөнүндө” мыйзамды “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамына, президенттин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтарынын реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматтарынын реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгына шайкеш келтирүү.

“Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдын 2-беренесине ылайык, мамлекеттик, мекеме архивдери, мамлекеттик эмес менчик түрүндөгү юридикалык жактардын архивдери менен жеке жактардын архивдери архивдердин негизги түрлөрү болуп саналышат. Мекемелик нотариалдык архив Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмчөсү болуп саналат, анткени жогорудагы мыйзамга ылайык, мамлекеттик ишкананын, мекеменин жана уюмдун же белгилүү мөөнөт бою өз ишканасында, мекемесинде жана уюмунда документтерди сактаган алардын түзүмдүк бөлүмчөсүнүн архивдери мекемелик архив деп саналат. Буга байланыштуу кабыл алынган мыйзам “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19, 32-беренелеринин мамлекеттик нотариалдык архивдерди уюштуруу жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана "мамлекеттик" деген сөздү "ведомстволук" деген сөзгө ар башка жөндөмө формалары боюнча (мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринде) алмаштырууну белгилейт", - деп айтылат маалыматта.

Жарлык расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан