Мамлекеттик салык кызматы: 10 ишкананын салык төлөөдөн бошотулушу коомчулукта суроо жаратты

Кыргыз жеринде 10 ишкананын салык төлөөдөн бошотулушу коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратканын белгилеген Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 23-майда аталган маселе боюнча түшүндүрмө берди.

"Тийиштүү мыйзам менен Салык кодексинин 189, 253-беренелерине киргизилген бир катар өзгөртүүлөргө ылайык, адистештирилген мындай уюмдар пайда салыгынан жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн белгиленген учурларда гана бошотулат. Алсак, адистештирилген уюмдар пайда салыгын салуу максатындагы турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу (электр, жылуулук) инженердик тармактарды акысыз алууда наркын жылдык жыйынды кирешесине кошушпайт. Ошондой эле аларга акысыз өткөрүлүп берилген жогоруда белгиленген инженердик тармактарды баланска кабыл алууда КНС төлөшпөйт", - деп айтылат маалыматта.

Адистештирилген ишканалардын тизмеси өкмөт тарабынан бекитилет.

Кыргыз мамлекетинде 10 ишкана жакында киреше салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган. Алар:

"Бишкек суу-канал" башкармалыгы;

"Ош суу-канал" ишканасы;

"Бишкек жылуулук энергия" ишканасы;

"Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасы;

"Түндүк электр" ишканасы;

"Чыгыш электр" ишканасы;

"Ош электр" ишканасы;

"Жалал-Абад электр" ишканасы;

"Жалал-Абад суу-канал" башкармалыгы;

"Кыргыз турак жай коммуналдык союз" ишканасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан