17-ноябрь - Кыргыз киносунун күнүнө карата 17-ноябрдан баштап республиканын бардык аймактарында кыргыз кинолору бекер көрсөтүлмөкчү. Иш-чара Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти тарабынан уюштурулуп, киножүрүш бир жумага созулат. Кыргыз кинолору аймактардагы кинотеатрларда жана көчмө кинотеатрларда көрсөтүлөт.