Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 23-майда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Алмазбек Кадыркуловго (сүрөттө) кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн сөгүш берди. Өкмөттөн билдиришкендей, Жээнбеков фонддун сапатсыз ишин, өкмөттүн бир катар буйруктары аткарылбагандыгын белгиледи.
"Бүгүнкү күнгө дейре мамлекеттик активдердин реалдуу наркы аныктала элек, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системи иштей элек. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду 2016-жылдын 1-ноябрына чейин кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо боюнча ишти тездетиши керек", - дейт премьер.
Мындан тышкары Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин директору Жаныбек Дербишалиевге да сөгүш берилди.