"Кыргыз Республикасы Сингапур менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар", - деп билдирди вице-премьер-министр Олег Панкратов 23-майда Сингапурдун соода жана өнөр жай министри Ко По Кун менен жолугушууда.
"Сингапур экономиканы модернизациялоо жана мамлекеттик башкаруу системин өркүндөтүү тармагында эффективдүү реформа жүргүзүүдө уникалдуу тажрыйбага ээ. Биз мамлекеттик башкаруу, логистика, индустриалдык парктарды түзүү жаатында кызматташууга даярбыз. Эки тараптуу товар жүгүртүүнү өнүктүрүү потенциалы жогору", - деди Панкратов.
Сингапурдун министри Кыргыз Республикасы менен Сингапурдун ортосунда инвестицияны коргоо жана кош салык салуудан качуу боюнча мамлекеттер аралык макулдашуу түзүү маселеси каралып жатканын, бул Сингапурдан кыргыз жерине инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.