Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 23-майда кыргыз өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептердин курулушун каржылоо жөнүндө” насыялык макулдашуунун долбоорун жактырды. Макулдашуу долбооруна ылайык, фонд Кыргыз Республикасынын мектептерин куруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 2 миллиард 100 миллион сом көлөмүндө жеңилдетилген насыя берет. Бул каражатка 2019-жылга чейин өлкө аймагында 16 мектеп, анын ичинде Бишкек шаарында 2 мектеп курулууга тийиш экени айтылды. Мектептердин тизмеси өкмөт тарабынан аныкталат.