Президент Алмазбек Атамбаев 23-майда "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 21-апрелинде кабыл алынган мыйзамдын максаты – баалуу кагаздар рыногу жаатында карыз баалуу кагаздардын эминенттерине талаптарды жогорулатуу аркылуу инвесторлордун укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого багытталган ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү. "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" мыйзамдарга облигацияларды чыгарууда эминенттерге кошумча талаптарды белгилеген оңдоолор киргизилет.
Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Облигация - ээсинин аны чыгарган жактан анда каралган мөөнөттө өз наркын же теңдештик мүлкүн ала тургандыгын күбөлөндүрүүчү баалуу кагаз. Эминент - өзүнүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана каржылоо үчүн баалуу кагаз жүгүртүүгө чыгарган юридикалык же жеке тарап.