Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 23-майда Стамбул шаарында Биринчи дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты. Президенттик аппараттан билдиришкендей, күндүн биринчи жарымында президент саммитке катышып жаткан делегация башчылары менен бирге БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун төрагалыгы алдында өткөн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын жабык отурумуна катышты.
Саммит алкагында Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуп, лидерлер кыргыз-немис кызматташтыгын талкуулашты. Биринчи дүйнөлүк гуманитардык саммиттин ишине дүйнөдөгү 50 өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары катышты.