Казак жарандары үчүн кыргыз өлкөсүндө каттоосуз жүрүү мөөнөтү 6 эсе кыскартылышы мүмкүн экенин Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев бүгүн, 24-майда өткөн "Кыргыз Республикасы: ЕАЭБдеги алгачкы жыл, жыйынтыктар жана келечектеги перспективалар" аттуу тегерек столдо билдирди.
Учурда казакстандыктар өлкөбүздө каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алышса, кыргыз жарандары Казакстанда 5 күн гана жүрө алышат.
"ЕАЭБдин нормалары боюнча алар кыргыз жарандарына каттоосуз 30 күнгө чейин жүрүү мүмкүнчүлүгүн бериши керек эле. Бирок ал тарап түшүнүксүз себептер менен эмнегедир бул маселени чечүүнү созуп жатышат. Эгер алар келишимге кол коюшпаса, биз дагы мөөнөттү 5 күнгө чейин кыскартабыз", - деди Асанбаев.