Кыргыз жеринде малды идентификациялоо процесси башталды. Өкмөттөн 24-майда билдиришкендей, малды идентификациялоо үчүн 2,2 миллион доллар турган 500 комплект жабдуу сатылып алынды жана 500 миң доллар суммасына атайын программалык камсыздоо иштелип чыкты.
Учурда малды паспорттоштуруу процесси Кара-Буура, Ысык-Ата жана Ноокат райондорунда жүргүзүлүп жатканы, жакында республиканын бардык аймактары тийиштүү жабдуулар менен камсыз болору айтылды. Бүгүнкү күндө жабдуулар аймактарга жөнөтүлүүдө. "Малды идентификациялоо иши мал чарба продукциясын экспорттоодогу талаптарды дүйнөлүк стандарттарга дал келтирүү максатында аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.