Казакстан бийлиги "кыргыз кыздары Орусияда даараткана тазалап жүрүшөт" деген маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулыны кызматынан алуу маселесин карашы керек. Мындай пикирин бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов айтты.
"Бул министр жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуган да эмес, тааныш да эмес экен. Айтматов ушул министрдей маңкурттар тууралуу жазган. Жалпы казак эли министрдин айтканына каршы чыгып, кыргыз элинен кечирим сурап жатат. Жогорку Кеңештин атынан Казакстандын өкмөтүнө жана парламентине расмий түрдө кайрылышыбыз керек. Казакстан бийлиги Арыстанбек Мухамедиулыны кызматынан алуу маселесин карашы керек", - деди Шыкмаматов.
Депутат Рыскелди Момбеков аталган министрдин айткан пикири эки элдин мамилесине доо кетириши мүмкүн экенин билдирди. "Казак жазуучусу Мухтар Шаханов кыргыз элинен кечирим сурады. Ал эми Арыстанбек Мухамедиулы кыргыз элинен кечирим сурап койгон жок", - дейт Момбеков.
Айта кетсек, жакында Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө кеп кылып, кыргыз кыздары Москвада даараткана тазалап жатышкандыгы тууралуу төмөнкүнү айткан: "Жашырганда эмне, Москвага же Орусиянын башка шаарларына барсаң, коомдук даараткананы кыргыз кыздары тазалап жүрүшөт. Бул өкүнүчтүү. Албетте, өлкөдө жумуш жок болсо, келечек жок болсо, көптөгөн кыргыздар чет өлкөгө кетүүгө мажбур болушат да".