Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы өзү айткан сөздөр коомдо туура эмес кабыл алынганы үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар кабарлашты. Маалыматка ылайык, маданият жана спорт министринин орун басары Галым Ахмедьяров бул окуя элдин талкуусуна алынышынан улам билдирүү тараткан.
"23-майда министр Арыстанбек Мухамедиулы 2015-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берүү үчүн эл менен жолуккан. Анда министр министрликтин ишмердүүлүгү, сүйүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу суроолорго жооп берген. Анын жоопторун карап туруп айрым журналисттер 2 гана мисалды алышкан.
Министрдин сөздөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында башка өңдө чагылдырылды. Негизи, жазуучунун көөдөнүндө өз эли тууралуу миң түркүн ойлор сакталгандыктан, министр залкар жазуучунун терең философиясына элдин көңүлүн бурдургусу келген.
Министр жазуучунун акыл сөзүн казакстандыктардын эсине салды: "Биз, адамдар, баарыбыз бир кайыктабыз, алдыбызда ири океан... Кандай болгон күндө да, бүгүнкү күндөгү тынч эмес замандын толкуну бул кайыкты оодарып кеткенин каалабайбыз. Биз эч качан рухий, маданий жана улуттук баалуулуктарыбыздан баш тартпашыбыз керек".
Ал Айтматовдун чыгармасынан мисал келтирүү менен бир тууган элдердин тарых, дин, салт жана маданиятынын окшоштугун, бири-бирин карап түздөнүүсү керектигин айткысы келген.
Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу таланттарды таптаган, бай тарыхка жана маданиятка ээ кыргыз элин тарыхый келечек, экономикалык өсүш күтүп турат.
Биз ишендирип кеткибиз келет, министр Арыстанбек Мухамедиулы кыргыз элин сыйлайт. Анын айткандарында кимдир бирөөнү басынтайын, таарынтайын деген ой болгон эмес. Министр анын сөздөрү туура эмес кабыл алынганы үчүн кечирим сурайт", - деп айтылат билдирүүдө.