Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын 31-майдагы жыйынында Кашкар Жунушалиевдин ИИМдин башчысы кызматына талапкерлиги каралууда. Анын жүрүшүндө Жунушалиев кайсы багыттарда иш жүргүзөрүн билдирди.
"Милиция кызматкеринин аброюн көтөрүү алгачкы кадамдарымдын бири болот. Акыркы учурларда милиция кызматына шек келтирген окуялар орун алган. Эл менен жакын болуу үчүн аймактык тескөөчүлөр айылдарда, шаарлардын райондорунда, конуштарда иштешет. Мындан тышкары коомдук коопсуздукту камсыз кылуу - негизги багыттардын бири. ИИМдин түзүмдөрүндө реформа жүргүзүү болгон жок деп айта албайм. Ошол реформаларды улантуу боюнча иш жүргүзөм", - деди Жунушалиев.
Талкуунун жыйынтыгында "Ата Мекен" фракциясы Кашкар Жунушалиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.