Башкы прокуратура "Үңкүр-Тоо Өзбекстанга караштуу аймакта" деп жазылган протокол боюнча кылмыш ишин козгобойт. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда башкы прокурордун орун басары Кылыч Токтогулов билдирди.
Анын айтымында, Үңкүр-Тоо маселеси боюнча отурум ал кездеги премьер-министр Темир Сариевдин жетекчилигинин алдында өтүп, анда 23 өкмөт мүчөсү жана адистер катышкан. "Алардын 20сы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алардын баары отурумда "Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында жайгашкан" деген сөз болбогонун айтышты. Ал эми Кербен шаардык кеңеши "Үңкүр-Тоо Өзбекстанга караштуу аймакта" деп протоколдо жазылганын билдирди. Бул протоколдун түп нускасын биз таба алган жокпуз. Колубуздагы протоколдордун номерлери жана даталары окшош болууда. Демек, же шаардык кеңешке протоколдун жасалмасы берилген, же "Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында" деп жазылган протокол чындыгында эле болгон. Бул протоколдун жоктугунан кылмыш ишин козгой албайбыз",- деди Токтогулов.
Айта кетсек, 2016-жылдын 23-мартында Аксыдагы Үңкүр-Тоодон кыргыз тараптын ретрансляциялоо станциясын алып кетүү сунушталганын Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев SUPER.KG порталына билдирген. Анын айтымында, станцияларды жайгаштырууга башка жер караштыруу боюнча премьер-министрден буйрук келген.
"2015-жылдын 11-ноябрында өкмөт отурумунда Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагына киргизүү боюнча токтом кабыл алынган. "Тоодогу кыргыз тараптын станциясын жайгаштырууга башка жер издештирилсин" деген өкмөт башчы Темир Сариевдин сунушу келди. Бул тоо атам замандан бери эле кыргыздарга тиешелүү тоо. Кербендин ар бир тургуну, кичинесинен чоңуна чейин тоонун өзбектерге берилишине каршы чыгат. Азыр абал оор болуп турат, бул ого бетер кырдаалды күчөтүп жатат. Биз азыр эле бул маселени шаардык кеңештин сессиясында карап, өкмөттүн бул токтомуна каршы экенибизди билдирдик. Мындан башка жол издешсин",- деген Озокеев.
Ал кездеги премьер-министр Темир Сариев Аксыдагы Үңкүр-Тоо Өзбекстанга караштуу аймак деп көрсөтүлүп интернетке тараган документти "жасалма" деп билдирген.