35 жаштагы Эрнис Эсеналиев үй-бүлөсүн багам деп түрдүү жумуштарда иштеди. Анын 3 баласы бар. Айылда кайдагы жумуш? Жаз келери менен жер кыдырып жумуш издеп жөнөчү. Көбүнчө курулуштарда иштеп, жылуучулукта аздыр-көптүр каражат таап келчү. 2015-жылы анын айылында чакан ишкана ачылып, Эрнис туруктуу жумуш менен камсыз болду. Бул ишканада учурда 6 адам иштейт.
Пескоблок жана брусчатка чыгаруучу "Кой-Сары-Техстрой" муниципалдык ишканасы Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагына карап, түшкөн таза киреше айыл аймактын жергиликтүү казынасына кириштелет. Ал каражат айылдардын инфраструктурасын көтөрүүгө, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалмакчы.
"Советтер Союзунан калган гараждын имаратын оңдоп-түзөп, иретке келтирдик. Жабдууларга каражат Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан берилди. Жалпы кеткен чыгым 350 000 сомду түзүп, анын 10 пайызы айыл өкмөтүнүн өздүк салымы. Буйрутма менен иштеп, жаздан бери ишсиз кала элекпиз. Анын үстүнө биздин продукция Караколдогу баага караганда бир аз арзан: пескоблоктун 1 даанасы 27 сом болсо, бизде 25 сом, ал эми брусчатканын 1 чарчы метри 20 сомго арзан. Сапаты боюнча кардарларыбыздан жалаң гана жакшы пикирлерди угуп жатабыз. Ташып келүүгө кеткен каражат да айылдаштарымдын чөнтөгүндө калат. Унаа издеп убара болушпайт", - дейт ишкананын жетекчиси Санжарбек Мурадилов.
Иш жаңы гана башталгандыктан, жумушчулардын айлык акылары иштегенине жараша 4000-6000 сомдон жогору болуп жатыптыр. Бир айда пескоблокту 3000 даананын тегерегинде чыгарышат, ал эми брусчаткага талап азыраак. Адистер айыл аймагына кирген беш айылдан башка жактардан да кардарларды издөө менен алектенип жатышат. Былтыркы жылдан түшкөн кирешенин басымдуу бөлүгүн ишкананы өнүктүрүүгө жумшашты. Учурда иш токтоп калбас үчүн керектүү кум-шагыл, цементти кеңири камдап алышкан. Ишкана жаздан тартып кеч күзгө чейин үзгүлтүксүз иштейт.
"Ишкананы ачуу демилгесин эл өзү көтөргөн. Айылдын аксакалдары, жаштары омоктуу ойлорун ортого салып, канткенде айылды көтөрөбүз деп атайын жыйын өткөрүп, айылдагы өтүмдүү товарды дыкат изилдеп чыккандан кийин гана ишкана ачуу боюнча бир чечимге келдик. Айыл өкмөтү элдин демилгесин кош колдоп, фондго долбоор даярдоого жардам кылды. Муну менен гана токтоп калбай, дагы кичи ишкана ачуу боюнча фондго долбоор даярдап жатабыз", - дейт Липенка айыл аймагынын башчысы Болот Сулайманов.
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду "Кумтөрдүн" дүң кирешесинен түшкөн 1 пайыздан куралат. 2016-жылдын биринчи чейрегинде 1 миллион 159 миң доллар которулган. Ал каражаттан айыл өкмөттөрү долбоор жазып, ишкана ачууга каражат алышат. Андан сырткары социалдык муктаждыктар чечилип, калкы 450 миң болгон Ысык-Көл кылаасына жардамы тийип жатат. Кыргыз өкмөтүнүн облустагы ыйгарымдуу өкүлү Аскат Акибаев мындан ары фонддогу каражатты өндүрүш ишканаларын курууга жумшоо боюнча демилге көтөрүп чыкты. Эми көлдүктөр ынанымдуу долбоорлору менен фондго кайрылышса болорун айтты.
Айжан Жаныбекова