"Центерра" арбитраждык сотко доо арыз бергендиги тууралуу өкмөткө билдирүү жөнөткөндүгүн маалымдайт

"Центерра Голд Инк." компаниясы "Кумтөр" долбоорунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу белгилүү бир талаштар боюнча арбитраждык сотко доо арыз бергендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирүү жөнөткөндүгүн маалымдайт. Ал талаштар:
а) Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы (ЭТКМИ) жана КРнын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КТЧКжТЧМА) тарабынан экологиялык доолордун ар бирин;
б) КРнын Башкы прокуратурасынын “Кумтөр Голд Компани” (КГК) ЖАКы тарабынан “Центерранын” пайдасына 2013-жылдын декабрында төлөнгөн 200 миллион АКШ доллары суммасындагы корпорация аралык дивидендди алып салуу талабы менен доосун жана аны менен байланышкан КГКнын Бишкек кеңсесиндеги тинтүүнү;
в) 2016-жылга тоо-кен иштеринин жылдык планына экологиялык экспертизаны берүүнү кечеңдетүү, ошондой эле "Кумтөр" кен ишканасынын иши үчүн зарыл өндүрүштүк жана жаратылышты коргоо ишмердүүлүгү боюнча бир катар олуттуу уруксат берүүлөрдү кечиктирүүнү камтыйт. 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык, арбитраждык териштирүү жеке арбитраж тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. "Центерра" арбитрдин ысымын сунуштады жана бул маселеде макулдук болбосо, арбитрди дайындоо үчүн Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сотко кайрылат.

Арбитраждык соттун отуруму Стокгольмдо, БУУнун Эл аралык эмгек укугу боюнча комиссиясынын жоболору боюнча өткөрүлөт, ал эми колдонулуучу укук катары Нью-Йорк штатынын мыйзамдары пайдаланылмакчы. Арбитраждык иш-чаралардын башталганына карабастан, компания Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Кумтөр" долбоорунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык талаш маселелерди "Центерранын" бардык акционерлерине карата адилеттүүлүк принциби сакталуу менен жөнгө салуу сунуштарын кароого жана талкуулоого өзүнүн даярдыгын кайталап билдирди.

Компаниянын 2016-жылдын 26-майындагы маалыматтык билдирүүсүндө белгиленгендей, Кыргыз Республикасында Бишкек шаардык райондор аралык соту ЭТКМИнин "Кумтөр" кен ишканасында бош текти тектердин төгүндүлөрүндө жайгаштыруу жана өнөр жай жана тиричилик агындыларын тазалоочу жайлардын эсепке алынбаган калдыктары маселеси боюнча КОКко карата эки экологиялык доосун канааттандырды. ЭТКМИнин калган эки экологиялык доосу, ошондой эле КТЧКжТЧМАнын доосу боюнча сот отурумдары тиешелүү түрдө 2016-жылдын 31-майына жана 3-июнуна калтырылган.

"Центерра" жана КОК Бишкек шаардык райондор аралык сотунун ЭТКМИнин жана КТЧКжТЧМАнын дооматтарын кароо ыйгарымын жана бардык коюлган дооматтарды талашат, ошондуктан соттук чечимдерге карата Бишкек шаардык сотуна жана зарыл болсо Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанат. Андан тышкары компания бардык коюлган доолорду 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык, Эл аралык арбитраждык сотко даттанууну улантмакчы.

Компания "Кумтөр" долбоорунун ишмердүүлүгү дайыма анда "Кумтөр" долбоору үчүн милдеттүү болгон бардык салыктардын, төлөмдөрдүн жана башка төлөп берүүлɵрдүн толук тизмеси камтылган, ошондой эле "Кумтөр" долбооруна тиешелүү бардык талаштар Эл аралык арбитраждык сотто жөнгө салынуусу да каралган, 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашууну кошо алганда, "Кумтөр" долбоорунун ишмердүүлүгү жөнгө салынуучу бардык долбоордук макулдашуулардын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылган деп эсептейт.

Пресс-релиз толугу менен бул жерде: http://www.centerragold.com/sites/default/files/news-releases/cg-nr-20160530.pdf


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
stimyl.kg
2016-06-02 11:17:04
Анырандагаган атамбаевчилер кумторго оздору 6,7млд сом толоп бербесе болгону. Арбитраждык соткко берсе ким билет эми центера 2009жылкы макулдашууга такай берет го дейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан