"Ак-Тилек" коомдук фондунун директору Тилек Үсөнов: “Элимден бата алсам дейм”

Байлар көп болгону менен, кайрымы жок азыркы учурда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Балтабай айылынын тургуну Тилек Үсөнов "Ак-Тилек" деген коомдук фонд түзүп, айылдаштарына кайрымдуулук иштерди жасап келет.

Айылдагы кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, колдоого муктаж адамдарга жардам берейин деген ниет менен 2015-жылы түзүлгөн фонд ушул убакыт ичинде бир катар иш-чараларды уюштуруп келген. Атап айтсак, өткөн жылдын 1-сентябрында Балтабай айылындагы мектепти 1-класстын алиппе китеби менен толук камсыз кылып, улгайган адамдардын күнүнө карата айылдагы өтө муктаж 10 үй-бүлөгө азык-түлүк тапшырган.

Айыл өкмөтү, айыл имамы менен тыгыз иш алып барып, быйылкы Тарых жана маданият жылына карата, жаш муундар таанып-билип жүрсүн деп айылдын борбордук көчөсүнүн бир жак бетине айылдан чыккан белдүү уул-кыздардын сүрөттөрүн, экинчи жагына мамлекетибиздин алгачкы агартуучуларынын сүрөттөрүн алкактатып, электр мамыларына илдирген. Буга жалпысынан 10 800 акча каражаты сарпталган.

Тилек Үсөнов өзү “Кумтөр Голд Компани” ишканасында, алтын ылгоочу фабрикасында иштейт. Кайрымдуулук иштерине эмгек акысынын 20 пайызы жумшалат. Ал эми Балтабай айылында жардамга муктаж адамдар аз эмес. Айылда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4 окуучу бар. Аз камсыз болгон 10 үй-бүлө жашайт. Алар жөлөк пул же пенсия албайт, жерин иштетүүгө да мүмкүнчүлүгү жок. Кай биринин балдары кичине, күйөөсүнөн айрылган жесирлер, арасында кары-картаңдар жок эмес. Андыктан баарына жардамы жете тургандай жолдорду изденүү зарылчылыгы келип чыккан. Тилек Үсөнов акыл калчап, быйыл 143 түп алма тигип, 1 гектар жерге буудай айдаган. Эми алар дагы каражат табуучу булактар болуп калат. Түшүм мол болсо, элеттиктерге берген жардамы арбын болмокчу.

Ал: “Жакын аранын ичинде “Ынтымак күнү” деген иш-чара уюштуруп, беш айылдын жаш-карысынын башын бириктирип, спорттук оюндарды өткөрүп, тамак-аш, концерттик программа уюштурдук. Мектептен жакшы окуган ар бир класстан экиден окуучуга стипендия бердим. 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата бөбөктөрүбүздүн көңүлүн көтөрүп, бекер балмуздак тараттым. Келерки жылы кондитердик цех ачып, элеттиктерди жумуш менен камсыз кылсам деген тилегим бар”, - деп аткарган жана болжоп жаткан иштери тууралуу бөлүштү.

Т.Үсөновдун баамында, элетте жашоо оор, туруктуу иш жок.

“Майын алса чайы жок, чайын алса майы жок, ушундай заман болуп турат. Айыл өкмөттөн жардам сурайын десе, ал ага жетише албайт. Быйыл картошканын баасы да түшүп кетти. Бир жигит мага келип арманын айтат, ал жазында картошка айдап, ага 64 миң сом коротуп, алган түшүмдү 30 миң сомго араң саткан экен. Учурда эки кабаттуу үй салып, машинанын кымбатын алууга ашыккандар көп. Андан ашып баратса, жер алат, борбордон үй алат. Ошентип дүнүйө артынан кууп жете албай кете берет. Бул туура эмес да. Мен айыл өкмөтүнүн башчысы болоюн деген же дагы башка оюм жок. Элимден бата алайын деген гана тилек. Бир уул, бир кызымдын келечеги кең болуп, боорукер болуп чоңоюшса дейм. Биз балдарыбызды сөз менен эмес, өзүбүз жасаган ишибиз менен тарбиялашыбыз кажет”, - деген ойду кошумчалады.

Кыргыз өлкөсүнүн 3 миңдей жараны “Кумтөрдө” туруктуу иш менен камсыз болгон. Алардын ар бири жок дегенде өз үй-бүлөсүн, ал эми бар дегени Тилек Үсөновдой болуп бүтүндөй айылына каралашып келет. “Кумтөр” кени менен иштешкен биздин компанияларды кошкондо, 12 миңдей кыргыз жараны жан багып жатат. Кен ишканасы алтындай адамдары менен сыймыктанат.

Жума Шарше кызы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akyn-jurogu
2016-06-03 09:36:27
Жакшы жакшы...
+1
Nasyrkg
2016-06-04 18:12:39
Жакшы брат ишине ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан