4-июнда Бишкекте үй тиричилик техникасын жана электроника сатуучу "Эльдорадо" ири дүкөнүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Ал борбор калаадагы Ибраимов менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Иш-чарага дүкөндүн ачылышын күткөн жергиликтүү жашоочулар, шаар тургундары катышты. Ачылыш аземинде сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди. Андан соң дүкөндүн ээлери кызыл тасма кесүү менен имараттын эшигин ачып, келген коноктордун баарын дүкөнгө кирүүгө чакырышты. Ал эми кызматкерлер алгачкы конокторду кол чаап тосуп алышты.
Жаңы ачылган "Эльдорадо" дүкөнүнүн жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзөт. Бул жерден үй тиричилигине керектүү техника, кир жуучу машина, муздаткыч, газ плитасы, суу жылытуучу жабдуу, ошондой эле уюлдук телефон, планшет, ноутбук, компьютер жана башка заманбап техника сатып алса болот. Же болбосо имараттын ичиндеги банк филиалы аркылуу жагып калган товарды насыяга алууга мүмкүнчүлүк бар.
"Эльдорадонун" Кооператив кардарлары жана франчайзинг менен иштөө боюнча департаментинин директору Роман Горковецтин айтымында, кыргыз өлкөсүнүн борбору Бишкекке Орусиядагы ири тиричилик-электроника техникасынын ритейлдерин алып келүү ал үчүн чоң сыймык.
"Эльдорадо" брендинин алдындагы биринчи дүкөн Орусия Федерациясынын чегинен сырткары ушул кооз жана меймандос шаарда ачылып жатканына сыймыктанам. "Эльдорадо" - бул үй-бүлө үчүн дүкөн, кызматкерлердин эң жогорку деңгээлдеги тейлөөсү жана кесипкөйлүгү сиздин үйгө жайлуулук жана өз ара түшүнүшүү алып келет. Мен "Эльдорадо" кыргыз жериндеги сүйүктүү жана популярдуу дүкөнгө айланат деп чын жүрөгүмдөн ишенем, ошондой эле биздин өнөктөштөргө ишке берилгендиги, кайраттуулугу жана бизге ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем",- деди Горковец.
Айта кетсек, "Эльдорадо" - Орусиянын үй тиричилик техникасы жана электроника сатуучу ири дүкөндөр тармагы. Анын 600дөн ашуун дүкөндөрү Орусиянын 200дөн ашуун шаарларында жайгашкан. 2016-жылы Кыргыз Республикасынан тышкары эми Молдова, Армения жана Казакстандын ири шаарларында "Эльдорадо" дүкөндөрүнүн ачылышы пландалууда.