Казакстандын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри тосуп алды

Казакстандын премьер-министри Карим Масимов баштаган делегация Бишкекке келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, "Манас" Эл аралык аэропортунда Казакстандын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Айта кетсек, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келди. Ошондой эле Казакстандын өкмөт башчысы Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин VI жыйынына катышат.

Жыйын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Жыйын соңунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат, эки өлкөнүн өкмөт башчылары жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү менен чыгышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан