Борбор Азиядагы Америка университетинде "Кумтөр Голд Компанинин" колдоосу менен илимий лаборатория ачылды

2016-жылдын 3-июнунда Борбор Азиядагы Америка университетинин экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүктүрүү жана колдонмо геология факультеттеринин студенттери үчүн лабораториянын ачылыш салтанаты өтүп, лаборатория кийинки семестрден баштап студенттер үчүн ачык болору маалымдалды. "Кумтөр" жаңы кампус куруп, илимий лабораторияны жабдууга 300 миңдей АКШ долларлык салым кошту.

Болочок геологдор менен туруктуу өнүктүрүүнү башкаруу чөйрөсүндөгү адистер экология жана геохимия боюнча лабораториялык иштерди, илимий эмгектер үчүн зарыл болгон тажрыйбаларды жүргүзө алышат. Лаборатория заманбап үлгүдө жабдылып, жаңы факультеттин студенттери окуу жайдан чыкпай туруп алган билимдерин иш жүзүндө колдоно алгандай геофизикалык аспаптар орнотулган.

"Жаштар менен билим берүүгө салым – бул бардык өлкөлөрдө социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү эң мыкты инвестициялардын бири. Белгилеп кетсем, "Кумтөр" үчүн туруктуу өнүктүрүү боюнча программаларды жүзөгө ашырууда бул багыт приоритеттердин бири. Геологдор үчүн жаңы факультет кыргыз жеринде чоң суроо-талапка ээ болот деп үмүттөнөм, себеби биздин экономика тоо-кен өнөр жайынан көз каранды жана рынокто бул тармактагы кесипкөйлөр жетишсиз экени сезилет", - деп белгиледи "Кумтөр Голд Компанинин" туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров.

Экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүктүрүү факультетинин башчысы, гидрогеолог Жээнбек Куленбеков БААУда окутуу англис тилинде жүргүзүлөрүн, бул бүтүрүүчүлөргө атаандаштыкта артыкчылык берерин баса белгиледи.

"Биздин өлкөдө жер казынасын иштетип жаткан чет өлкөлүк компаниялардын көпчүлүгү чет элдик адистерди тартышканы сыр деле эмес. Эми бизде тоо-кен өндүрүш тармагы үчүн орус жана кыргыз тилдерин гана эмес, эл аралык катары таанылган англис тилин да билген адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгү жаралды", - деп билдирди Куленбеков.

"Кумтөр" ишканасы тоо-кен тармагына адистерди даярдаган Кыргыз Республикасынын бардык жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып, аларга колдоо көрсөтүп келет. Ал эми студенттер жана бүтүрүүчүлөр үчүн бир нече стипендиялык жана такшалмадан өтүүчү долбоорлору аракетте. Ишке жөндөмдүүлөрү туруктуу жумушка алынышат. Жардам бергенде аз камсыз үй-бүлөдөн чыккан улан-кыздарга өзгөчө көңүл бурулуп, окуудагы жетишкендиктери мыкты болсо, артыкчылык ар дайым алардын тарабында.

"Кумтөрдүн" ЖМК менен байланыш бөлүмү


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
cico
2016-06-09 09:13:28
БААУ га жардам бергенден коро кыргыз универлерге жардам бервейби кумтор?
0
Karakol-3922
2016-06-09 10:13:49
молодцы! Кумтордун жакшы эле жардамын коруп келе атабыз

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан