Атмосферадагы чаңдын деңгээлине мониторинг кылуу - алтын өндүрүүчүнүн негизги милдеттеринин бири. Кен аймагынын алты жерине орнотулган япондордун чаң топтогуч жабдуусунан жумасына бир ирет үлгүлөр чогултулат. Бул иш аймактагы жардыруу иштерине жана техникалардын тынымсыз кыймылына байланыштуу жүргүзүлөт.
Чаң топтогучтарга коюлган чыпкалар бир суткага калтырылат. Алардан алынган үлгүлөрдөн цианид, күкүрт, мышьяк, никель, цинк, селена, уран, радий-226 жана стронция-90дун өлчөмү канча экени иликтенет. Компаниянын экология бөлүмүнүн башкы инженери Владимир Пак: "Өкмөт тарабынан бекитилген стандартка ылайык, чаңдагы зыяндуу бөлүкчөлөрдүн көлөмү өндүрүш аймагындагы атмосферада 1 метр кубга 500 микрограммдан ашпашы керек. Ал эми бизде бул көрсөткүч болгону 20-25 микрограммды түзөт", - дейт. Ошондой эле кенге баруучу Барскоон капчыгайындагы жол боюна орнотулган чаң топтогучтардагы жыйынтыктар да уруксат берилген чекке караандаган эмес. Башкы инженер билдиргендей, компаниянын техникалары өтүүчү жолдорго дайыма суу сээп турат.
Тоо-кен өндүрүшүндө эмгектенгенине 20 жылдан ашкан "Кумтөр" компаниясынын экология бөлүмүнүн директору Бен Феррис: "Өндүрүш бар жерде сөзсүз курчап турган чөйрөгө таасир болот. Биз аны минималдаштырууга аракет кылышыбыз керек. "Кумтөргө" келсек, кыргыз өкмөтү мыйзамдаштырып бекиткен стандарттар бекем сакталууда. Мен буга чейин дүйнөнүн көптөгөн тоо-кен компанияларында иштедим. Текшерүү жүргүзүп бир канча кендерге бардым. "Кумтөрдө" 4 жылдан бери иштейм, бул жакта экологияга болгон мамиле жогорку деңгээлде", - дейт.
Экологияга өтө аяр мамиле жасаган "Кумтөрдүн" мактоого аларлык дагы бир иши - рекультивацияга даярдыгы. Атап айтканда, кен аймагында объектилерди куруудан мурда, ал тилкедеги өсүмдүк өсүүчү топурак катмары (15-20 см) казылып алынат. Андан соң аларды бөлүнгөн башка жерге үйүп, убактылуу сакташууда. Бул топурак кен жабылган соң аймакты баштагы калыбына келтирүүдө колдонулат. Бул аралыкта топурак "өлүп" калбашы үчүн бийиктиги 1,5 метрдей гана үйүлүп, ага өсүмдүктөрдүн уруктары себилип турат. Мындан сырткары кен аймагында өсүмдүк өстүрүүчү эксперименталдык жер тилкеси да бар. Ал жерге компаниянын экологдору Кыргыз улуттук агрардык университетинин адистери менен биргеликте түрдүү өсүмдүктөрдүн уруктарын себишип, кайсынысын канча тереңдикте көмүүгө болорун, канча аралыкта себилерин, канча убакытта өнүп чыгарын изилдешүүдө.
Бен мырзанын айтымында, окуу жайдын адистери маал-маалы менен келип тилкеге байкоо салып турушат. Ошондой эле окуу жайдын Бишкектеги бакчасында адистер кендеги рекультивация ишине керектелүүчү уруктарды алуу үчүн климаты катаал шартка чыдамдуу өсүмдүктөр өстүрүлүүдө.
Экология дегенде эле биздин коомчулук дароо "Кумтөрдү" эстейт. Анткени айласы куруган айрым саясатчылар упай топтоо үчүн аталган кенди туу көтөрө чуркай берип, жедеп ал кулагыбызга сиңип бүткөндөй. Союздан калган уран калдык жайларын, шаар четиндеги таштанды жайларын айткандар аз. Эмнеге? Себеби анын баарын өзүбүз жасап жатабыз. Өзүбүзгө чаң жугузгубуз келбейт. Ал эми өлкөбүздөгү эң ири алтын кен ишканасы жасап жаткан иштерди көрүп ар бирибиз экологияга "Кумтөрдөй" мамиле жасасак дейсиң. Мында иштеген кызматкерлердин ар бири жан дүйнөсүндө эколог болууга тийиш деген ураан алдында компаниянын корпоративдик саясаты бар экенин кошумчалай кетсек…
Айтемир Аскеров