"Кумтөр Голд Компани" соттук териштирүүлөр боюнча билдирет

Бүгүн "Кумтөр Голд Компани" Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын доолору маңызында Кыргыз Республикасынын "Кумтөр" долбоору боюнча кошумча жыйымдар менен төлөмдөрдү киргизүү аракети деп билдирди. "Кумтөр" долбоору ишмердүүлүгүн курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча кыргыз жана эл аралык стандарттардын негизинде жүргүзөрүн көз карандысыз эл аралык эксперт-экологдор, анын ичинде экология суроолору боюнча Кыргыз Республикасынын кеңешчиси Эл аралык "АМЕС" компаниясы да тастыктаган.

Мисалы, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (ЭТКМИ) 6 698 878 290 сом суммадагы (болжол менен 98,4 миллион АКШ доллары) доо арызында КГК 2000-2011-жылдары бош текти төгүндүлөр жайында жайгаштыруу үчүн төлөм аткарган эмес имиш жана бул фактыны бир да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы билген эмес деп айтылат. Иш жүзүндө болсо, мындай заттарды бош тектин тоо-кен төгүндүлөрүнө жайгаштыруу долбоор иштеп баштаганы жыл сайын Кыргыз Республикасынын бардык профилдик мамлекеттик органдары тарабынан бекитилип, санкцияланган жана ыйгарым укуктуу органдар эч качан бош текти тоо-кен төгүндүлөрүнө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнү талап кылган эмес. ЭТКМИнин доо арызында КГК мындай заттарды жайгаштырганы үчүн тиричилик калдыктарды жайгаштыруу тарифтери боюнча акы төлөөнү талап кылууда.

Мына ушундай эле ыкмада Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КТЧКжТЧМА) да доо арызында "Кумтөр" Кайра каралган инвестициялык макулдашууда (2009-жылы) белгиленген экологиялык төлөмдөн да ашкан, кошумча экологиялык жыйымдарды карыз деп, 15 004 297 963 сом (болжол менен 220 миллион АКШ доллары) суммада экологиялык зыяндын ордун толтурууну талап кылды. "Кумтөр" тарабынан экологиялык жыйымдарды төлөөдө долбоор иштеп баштаганы жылына ыйгарым укуктуу органдарынан санкция албай же бекитилбей жасалган бир да аракет болгон эмес.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын доо арыздары анда "Кумтөр" долбоору үчүн милдеттүү бардык салыктардын, төлөмдөрдүн жана которуулардын толук тизмеси көрсөтүлгөн Кайра каралган инвестициялык макулдашуунун (2009-жылы) шарттарына карама-каршы келет жана анда атайын белгиленген ушул салыктардан, төлөмдөрдөн жана которуулардан тышкары, "Кумтөр" Кыргыз Республикасы же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик, аймактык, муниципалдык, жергиликтүү же административдик органы тарабынан ар кандай мүнөздөгү бардык башка учурдагы жана болочок салыктарды, жыйымдарды, алымдарды, роялтини, кемитүүлөрдү же ар кандай мүнөздөгү башка которууларды кармап калуу боюнча милдеттенмелерди төлөөдөн бошотула тургандыгы баса белгиленген. Демек, Кайра каралган инвестициялык макулдашуунун (2009-жылы) өзүндө "Кумтөр" долбоору боюнча кандайдыр бир жаңы же кошумча салыктарды, төлөмдөрдү же жыйымдарды киргизүүгө тыюу салуу камтылган.

Бишкек шаардык райондор аралык соту ЭТКМИнин доо арызын канааттандырды жана жакын арада ал КТЧКжТЧМАнын доо арызын карамакчы. Центерра жана КГК Кыргыз Республикасынын доо арыздары боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунда жана эл аралык арбитражда талашка түшүп, өз таламын талашууну улантмакчы.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nasyrkg
2016-06-15 09:32:53
Оа центтерра эле болсо сотто утулуп бизге ошол акчаны толоп берет бир тыйын толобойт .
0
kukunana
2016-06-17 06:14:36
Nasyrkg,Сен мамлекетибизден үмүтүңдү үзүп коюпсуң. Сага жол болсун. Бирок сен башкалардын үмүтүн тебелебе, макулбу?! Сен кайдан билесиң келечекте эмне болуп кетээрин?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан