Ишкана эмгегимди баалайт

Союз урап, ишкана-мекемелердин көпчүлүгү жоюлган кезде Сүйүн Асылбекова жолдошу Байбосун менен жумушсуздардын катарын толуктады. Өлкөдөгү жер реформасынан үлүшкө тийген жерди тың иштетип кете албай бир топ кыйналышты. Беш баласы менен карыган кайненесинин жарыбаган пенсиясын зарыгып күтүшөт. Кээде ал кары кишинин дарысынан ашпай калат. Өкмөт балдарга чегерген жөлөк пул бир айлык унга араң жетет.

1997-жылдын аягы. Жети-Өгүз районунда алтын кен ишканасы жаңы кадам таштап иштей баштаган кез. Барскоондо "Кумтөрдүн" кеңсеси ачылып, жумушка кабыл алуу жүрүп жаткан. Байбосун менен Сүйүн дагы кеңсеге резюмесин тапшырышты. 38 жаштагы Сүйүн беш баланы багуу күндөн-күнгө оорлоп бара жаткандыгын, жок дегенде экөөнүн бирөөсүн жумушка кабыл алуусун суранып кат дагы жолдоду. Сегиз айдан соң жооп келди. Ишкананын өкүлү Нуржамал аттуу кыз "Эже, биздин жетекчилерди силердин материалдык абалыңар ойго салды. Сизди ашпозчулук кызматына алмай болушту" деп кубанычтуу кабарды айтып келди. Көп өтпөй жолдошу жүрөк оорусунан каза болуп, үй-бүлөнү тагдырдын кара туманы каптады.

Быйыл Сүйүн эженин кен ишканада иштегенине туура 18 жыл толду. Алты-жети жыл ашканада иштеп, азыр бөлмөлөрдү жыйнап, тазалайт.

"Эгерде бул жумушта иштебесем эмне күндү көрмөкпүз билбейм. Жалгыз башым кантип балдарымды тууруна кондурат элем? Баарын жогорку билимдүү кылганга жетиштим. Уулумду үйлөнттүм, кыздарымды турмушка узаттым. Өкүнүчтүүсү - жолдошумдун эрте өтүп кеткени", - дейт Сүйүн эже өткөн учурун эскерип.

"Биздин ишканада жалкоо адам иштей албайт. Убакытты баалаганды бул жакта иштеп жүрүп үйрөндүм. Иш күнүбүз абдан ырааттуу өтөт", - дейт эже сөзүн улай. "Жумушту баштаардан мурун жабдуулардын даярдыгын текшеребиз. Бузукпу, оңбу деп, анткени адамдардын коопсуздугу алдынкы орунда. Жылда коопсуздук техникасын милдеттүү окуйбуз. Баары таптаза, абдан иреттүү. Таштандыны мындай кой, бир үзүм кагазды туура эмес жерге таштоого дитиң барбайт. Жумуштан түшкөндөн кийин таштанды толгон көчөлөрүбүздү аралап кызык болом. Чет элдиктерден үйрөнчү нерсебиз көп. Жан-алакетке түшүп пол жууп жатсаң, сөзсүз түрдө кечирим сурап өтүшөт. Ошондо биздин айыл менен шаардагы адамдардын ишкана-мекемелерди тазалап-жуугандардын эмгегине олдоксон, кайдыгер мамилесин эстеп, өкүнүп калам. "Маданият санитардык тазалыктан башталат" деген кеп бар. Менин жупуну эмгегимди өзүм иштеп жаткан ишкана адилет баалаганына сыймыктанам".

Акыркы кездеги алтын кен ишканасындагы олку-солку абал, андагы жумуштун токтоп калуусу тууралуу айың кептер биздин каарманды абдан кооптондурат. "Моюнумда азыр алты киши отурат. Тиричиликке алган насыяларым бар. Ишсиз калсам, турмуштун дагы бир катуу сыноосунан өтө аламбы?" - деп Сүйүн эже эртеңкиси тууралуу катуу ойго батат...

Эгерде ишкана токтоп кала турган болсо, анда 2016-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин болжол менен бюджетке түшчү 122 миллион доллар түшпөй калат. Бул сумманын 48 миллиону салык катары, 7,7 миллиону социалдык төлөм катары, 25,2 миллиону иштеген биздин жарандарыбыздын таза кирешеси катары, 20,4 миллиону жергиликтүү ишкерлердин кызматына, 7,1 миллиону электр энергиясына жана 4,4 миллиону дивиденд катары төлөнмөк. Жалпысынан алганда ишкана бир жыл иштебей калса, анда бюджет 270 миллион чамасында жоготот. Бул, албетте, бюджетке сокку. Алтын кен ишканасында 2579 адам эмгектенсе, алардын 2498и кыргыз жарандары. Алардын жылдык айлык акылары 51 миллион 700 миң долларды түзөт. Эгерде ишкана токтосо, 2500дөн ашуун жарандарыбыз жумушсуз калышат, алардын артындагы үй-бүлө, ата-эне, бир туугандары, баарын кошкондо 12 миңден ашуун кыргызстандык каражатсыз калат. Мындайга жол бербеш үчүн бийлик башындагылар өз жарандарынын тагдырына кайдыгер карабайт деген ойдо, жети өлчөп, бир кесет деген тилектемин.

Айжан Жаныбекова


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rasul_Rahmanaliev
2016-06-16 19:57:11
Башка өлкө алып кеткен алтындарды биз алсак КР мындан жакшы миллиардддарды табат.Кам санабаныз.Баары жакшы болот.Миң күн тоок болуп жашаганча,бир күн куш болуп учканыбыз жакшы.Баары болот.КР өнүгөт.
0
Rashinboy
2016-06-17 01:28:44
Rasul_Rahmanaliev, мага ишенип койгула алтындарым, Кыргызстан сөзсүз өнүгөт.
0
BarsBaatyr
2016-06-16 21:44:57
Тапканыныз озунузго,бала чаканызга насип кылсын эже.Кумтор мейли жуз уй-булоону багып жатыптыр бирок миндеген уй-булоонун ырыскысын алып кетип жатпайбы.Сиздин бул баянынызды Кумтордон миллиондорду кымтыган шылуундардын ойлоп тапкан оюну катары бааласак туура болчудай
+1
admin_portal
2016-06-17 09:40:37
kukunana, суроо, сунуш, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан