Дайырбек Кенекеев өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп дайындалды

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Байышбек Жуманазаров кызматынан кеткенден кийин анын ордуна Дайырбек Кенекеев дайындалды. Бул тууралуу 20-июнда өкүлчүлүктүн жыйыны өтүп жаткан учурда өкмөттүк аппараттын башчысынын орун басары Жылдыз Исакулов жарыялаганын SUPER.KG'ге облустук администрациядан тастыкташты.

Дайырбек Кенекеев буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан