Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровду кабыл алды.
Жолугушууда Кубатбек Боронов нөшөрлөп жааган жамгырдан жана күндүн катуу ысышынан улам суу ташкынга кабылган дайралардын жээктерин бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндама жасады.
Замирбек Айдаров дайралардагы суу ташкындарынан жана селден улам өлкөнүн ар кайсы жол участкаларында жолду суу чайкап кетүү коркунучу жаралганын, бирок өз убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында олуттуу кесепеттер болбогонун билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев куткаруучулар жана жолчулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге стратегиялык автожолдор жана башка инфраструктуралык объектилер жайгашкан аймактарды суу каптоо тобокелчиликтеринин алдын алуу үчүн бардык иш-чараларды өз убагында жүргүзүшү зарыл экендигин баса белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.