2016-жылдын 25-июнунда Чолпон-Ата шаарындагы борбордук гүл бакчада эл аралык бош орундар жарманкеси болуп өттү. Анда Бишкек шаарындагы белгилүү уюлдук кызмат көрсөткөн компаниялар, банктар, туристтик фирмалар жумуш издеген жаштарга консультация берип, каалоочулардын резюмесин алып жатышты.
Жарманкенин ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Кадр кызматынын түндүк аймагынын жетекчиси Нуркул Алдаяров, Борбордук Азиядагы Евразия фондунун аткаруучу директору Динара Мусабекова сөз сүйлөдү.
“Бош орундар жарманкеси – мүмкүнчүлүктөрдүн иш-чарасы, себеби бул жерде көп сандагы кызыктуу бош орундар чогултулган. Биз бул жерге болушунча Бишкек шаарындагы "Мегаком", "Демир банк", "КICB" сыяктуу ири жумуш берүүчү компанияларды чакырганбыз. Ошондой эле бүгүнкү иш-чарадан Ысык-Көл облусунда жайгашкан пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн жумуш берүүчүлөрүнөн сезондук бош орундар тууралуу маалымат ала аласыздар.
Бош орундар жарманкесинде 45тен ашуун жумуш берүүчүнүн бир нече миңден ашуун бош орундары назарыңыздарга сунушталып жатат. Ошондуктан жаштар үчүн бул жарманке - татыктуу жумуш орундарын табуу жана өзүнүн талантын, өнөрлөрүн көрсөтүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.
Бул иш-чара Борбордук Азиядагы Евразия фонду тарабынан уюштурулган “Жаштар ишкердиги” долбоорунун алкагында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын каржылоосунда уюштурулуп жатканын белгилеп кетейин. Долбоор Ысык-Көл облусундагы жаштарды колдоого багытталгандыктан, Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат”, - деп билдирди Борбордук Азиядагы Евразия фондунун аткаруучу директору Динара Мусабекова.
Андан соң келген конокторго, жарманкенин катышуучуларына арналган чакан майрамдык концерт болду. Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү таланттуу ырчы Аяна Касымова, рэп ырчысы Баястан өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле атайын келгендерге бекер лотерея билеттери таратылып, ойнотулду. Бактылуу билеттин ээлери кызыктыруучу белектерге ээ болушту.
Жарманкенин алкагында жумуш берүүчүлөр каалоочуларга резюме түзүү, коштомо кат жазуу жана маектешүүдөн кантип ийгиликтүү өтүү керектиги тууралуу мастер-класстарды көрсөтүштү.
"Жаштарды колдоо жана алардын потенциалын өнүктүрүү – биздин компаниянын туруктуу өнүктүрүү боюнча маанилүү түпкү максаттарынын бири. Бош орундар жарманкеси “Жаштар ишкердиги” долбоорунун алкагында өтүп, бул убактылуу жана туруктуу иш менен камсыз болууга жаштарга мүмкүндүк берет”, - дейт Тобокелдерди башкаруу, нормативдик негизди сактоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын вице-президенти Родни Ступарик.