Кыргыз спортчусу, оор атлетика боюнча улуттук курамдын мүчөсү Жаңыл Океева "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышуу укугуна ээ болду. Бул тууралуу КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди. Спортчу 48 килограмм салмакта күчүн сынамакчы.
"Ташкентте өткөн Азия чемпиондугунда командалык эсепте алдынкы алты орунду ээлеген командаларга бирден жолдомо берилген. Биздин курам анда тогузунчу орунду ээлеген. Допинг чырына байланыштуу айрым командалардан жолдомолор алынды. Жыйынтыгында биздин кыз-келиндер курамасы алты команданын катарына кирип, бир жолдомо алдык", - дейт У.Молдодосов.
Жалпысынан Бразилияда өтө турган Олимпиадага 19 кыргыз спортчусу барат. Жолдомо ээлери: жеңил атлетикадан Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина, Илья Тяпкин, грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев, Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, Айаал Лазарев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетчилер Изат Артыков, Жаңыл Океева, дзюдочулар Юрий Краковецкий менен Отар Бестаев. Ошондой эле атайын чакыруу менен сууда сүзүү спорту боюнча Денис Петрашов жана Дарья Таланова мелдешке катышат.