Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынган кыргыз спортчусу сыйлык катары 7 миллион сом, батир жана автоунаага ээ болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.
Анын айтымында, өкмөт февраль айында атайын буйрук чыгарган. Буйруктун негизинде "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 1-орунду ээлеген спортчуга 7 миллион сом, 2-орун ээсине 5 миллион сом жана 3-орун ээсине 3,5 миллион сом каралган. "Быйыл даярдык жакшы болду. Курам "Бээжин-2008" Олимпиадасына барган курам сыяктуу эле күчтүү. Машыктыруучуларга да атайын сыйлыктар каралды", - дейт К.Аманкулов.
Анын айтымында, буга катар Бишкек мэри Албек Ибраимов Олимпиадада медаль уткан спортчуларга Бишкектен батир берүүнү убада кылган. Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов да медаль уткан спортчуларга батир, автоунаа берүүнү убада кылды.